586751102_2002749947182503_4264833721520950301_n
🔷 КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык жана укуктук сабактар бирикмесинин башчысы Гулнара Калыбекова тарабынан «Ош шаары цифралар менен» аттуу таасирдүү конок лекция уюштурулду.
📍Иш-чарага Ош шаардык статистика башкармалыгынын өкүлдөрү: башкы адис Батма Жээнбекова, Жийдегүл Абдибаитова жана Айсулуу Аскарбековалар атайын келип, шаардык статистикалык көрсөткүчтөр, эсептөөлөрдүн логикасы жана алардын коомдук өнүгүүгө тийгизген таасири тууралуу кеңири талдоо жасап беришти.
📍Коноктор студенттер менен активдүү суроо-жооп жүргүзүп, актуалдуу статистикалык багыттар боюнча чакан сурамжылоо да өткөрүштү.
Иш-чаранын соңунда бирикме менен университеттин атынан келген адистерге ыраазычылык кат тапшырылды.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти