Жаңылыктар 13.06.202626.11.2026 КЕЛЕЧЕГИҢИЗДИ БИЗ МЕНЕН КУРУҢУЗ! Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжи 2026–2027-окуу жылына 9 жана 11-класстын…
Жаңылыктар 12.06.2026 2026-жылдын 10-июнунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжи тарабынан 030503 Укук таануу адистигинен республикалык орто кесиптик окуу жайлар арасында уюштурулган предметтик олимпиадага Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин укук таануу адистигинин 2-3- курсунун студенттери Хашимова Севара, Серикова Аделя, Аскарбекова Алина жана Тойчиева Бибинур, бирикменин окутуучусу А.И.Шералиеванын жетекчилиги алдында катышып келишти. Республикалык предметтик олимпиадага ОшМУнун ФЮК, ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн ТжББИ, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ЭжУК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ЮК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Баткендеги көп тармактуу колледжи, К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледждери катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында, команда байгелүү 3-орунду багындырды, ал эми жеке зачетто ПВ9-3-24 тайпасынын студенти Тойчиева Бибинур байгелүү 3-орунга ээ болду. Окуу жайыбыздын атагын дагы бир ирет даңазалаган окутуучубузга жана студенттерибизге ыраазычылык билдиребиз.
Жаңылыктар 02.06.202626.11.2026 СТЕМ колледжинде келечектеги бухгалтерлердин кесиптик хакатону өттү. 2026-жылдын 1-июлу. СТЕМ колдонмо кесиптер колледжинде студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган «Лучший хакатон бухгалтер»…
Жаңылыктар 22.05.2026 2026-жылдын 16-май күнү STEM колдонмо кесиптер колледжинин ЭУС бирикмесинин студентерине “2026-жылдагы салыктык өзгөрүүлөр: патенттен тартып электрондук төлөмдөргө чейин” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси Абдырай уулу Асилбек катышып, “2026-жылдагы негизги салыктык өзгөрүүлөр” темасында кеңири маалымат берди. Мындан сырткары, ОшМУнун Финансы-юридика колледжинин окутуучулары Кылычева Мадина, Курбанбаева Гулийпа, Касымбекова Жумагүл актуалдуу темалар боюнча баяндама жасап, катышуучулар менен пайдалуу пикир алышуу жүргүзүштү. Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер тарабынан активдүү суроолор берилип, кызыктуу талкуулар орун алды. Иш-чара өзүнүн негизги максатына жетип, катышуучулар үчүн пайдалуу маалымат аянтчасы болду. Иш-чараны ЭУС бирикмесинин башчысы Гүлнара Калыбекова жана окутуучулар А.И. Шералиева, Г.Ж. Жолдубаева уюштурушту. Иш-чаранын соңунда конокторго колледж жамааты тарабынан “Ыраазычылык каттар” тапшырылды.
Жаңылыктар Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрель күнү, ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага “esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) толтуруу боюнча кадамдык көрсөтмө” деген темада Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университеттин STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык укуктук сабактар бирикмесинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө коногубуз ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды туура жазууну, cabinet. salyk.kg сайттан бирдиктүү налогтун отчеттун кантип тапшырууну, айлык маянаны STI 161 форматта тапшырууну, мусор салыгын тапшырууну, ишкананын бир жылдык бирдиктүү салык декларациясын кантип тапшыруу жөнүндө маалымат берилди жана электрондук форматта көрсөтүп отчетторду тапшырганды маалымдап кетти. ЭУС бирикмесинин башчысы Калыбекова Г.К. студентерге кайрылып суроолору ой-пикирлери жана сунуштары, өз ара талкуулар менен уланды. Иш чаранын акырында коногубузга “Ыраазычылык кат” тапшырылды.