600129912_2021076015349896_5135231216198310934_n
🔷 10-декабрда STEM колдонмо кесиптер колледжинин ЭУС бирикмесинин окутуучулары Капаралиева А.Н. жана Уларова А.К. тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 77 жылдыгына карата “Адам укуктары — ар бир адамдын тубаса баалуулугу” аттуу диспуттук аянтча уюштурулду.
🤝 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын өкүлдөрү: Абдуллаев Сабирали Акматалиевич — региондор аралык башкармалыктын начальнигинин орун басары, Равшанов Муратаалы Равшанович — катчы-юрист, ошондой эле ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин окутуучусу Шакирбаева Бегимай Шакирбаевна катышты.
💬 Диспуттук аянтчада адамзаттын укуктары үчүн күрөшүү, анын укуктук маңызы жана коомдогу орду талкууланып, студенттер активдүү суроолорун берип, коноктордон тийиштүү жоопторун алышты.
📚 Студенттер тарабынан даярдалган баяндамалар окулуп, активдүү катышкандар сыйлоо баракчалары менен сыйланышты.
👏 Иш-чаранын соңунда STEM колдонмо кесиптер колледжинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Маманов Сагынбек Базарбаевич, ошондой эле Юстициядан келген коноктор иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти