Тил жана коомдук сабактар бирикмеси
Тил жана коомдук сабактар бирикмеси Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-
Өзбек Эл аралык университетинин 14.11.2023-жылдагы окумуштуулар
кеңешинин токтомунун ылайык No110 – ни 2023 жылдын 14-ноябрдагы
буйругунун негизинде түзүлдү.
Бирикменин түзүлүшүнүн максаты – кыргыз тили жана адабияты,
орус тили жана адабияты, кыргызстан тарыхы, дүйнө тарыхы жана адам
жана коом дисциплиналары боюнча орто квалификациялуу адистерди
даярдоодо тейлөөчү бирикме катары түзүү зарылдыгы болгон. Ааламдашуу
процессинде тез өзгөрүлүп турган замандын шарттарында
компетенттүүлүккө багыталган кесипкөй, заманбап адистерди даярдоого
көмөктөшүү — бирикменин масаты болуп эсептелет.
Бирикменин милдети- студенттердин жарандык позициясын, мекенчилдигин
жана эмгекке болгон сүйүүсүн калыптандырууга, жоопкерчиликке, өз
алдынчалуулукка, чыгармачыл активдүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Бирикменин окутуучулар курамы
Жалпы 23, алардын 20сы штаттык жана 1өө лаборант көмөкчү, 3 ( 2-ички
айкалыштыруу, 1өө тышкы айкалыштыруу) айкалыштыруу менен иштеген
окутуучулар:
1. Атамбаева Үпөл Жусупакматовна (т.и.к., бирикме башчы);
2. Арзикулова Мессуа Амановна (магистр);
3. Аширова Назгүл Жоробаевна;
4. Акматова Салтанат Разакуловна (пенсионер);
5. Бакиров Азамат Абдыкарымович;
6. Жумашова Роза Жумалиевна (аспирант);
7. Кармышова Жаркынай Абытовна;
8. Камилова Гүлчехра Рахматуллаевна;
9. Кыштообаева Гуллира Атагелдиевна;
10. Мангиева Айчүрөк Рахмановна;
11. Масалиева Саламат Токсонбаевна (пенсионер);
12. Мамытова Алтынай Нургазыевна;
13. Мадаминова Гулмира Нажимидиновна;
14. Маманов Сагынбек Базарбекович(аспирант, ички айкалыштыруу);
15. Мойдунова Анаркан Турдубаевна;
16. Рахманова Жыпаргүл Рахмановна;
17. Сааданбек уулу Дамир( аспирант, ички айкалыштыруу);
18. Турдушова Айнура Арстанбековна;
19. Турсунбаева Калбү (пенсионер);
20. Урманбетова Айсалкын Алиевна (пенсионер);
21. Шанабаев Кайназар Жаңыбаевич (магистр);
22.Урманова Зарина Кадырбековна ( тышкы айкалыштыруу);
23. Адылбек кызы Нурсулу (лаборант).
Алардын ичинен:
• 1 тарых илимдеринин кандидиты;
• 3 аспирант: 2өө ички айкалыштыруу менен
• 2 магистр: 2өө штаттык негизде
• 4 пенсионер: 4өө тең штаттык негизде
• 16 окутуучу жана 1 лаборант көмөкчү.
Окуу-усулдук ишмердүүлүгү
Бирикменин окуу ишмердүүлугү Кыргыз Республикасынын «Билим берүү
жөнүндө» мыйзамынын, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык
университетинин уставынын, STEM колдонмо кесиптер коллеждин жобосунун,
ички эрежелеринин жана ички локалдык актылардын негизинде жүргүзүлөт.
Бирикменин уюштуруучулук-укуктук иш кагаздары Кыргыз
Республикасынын аракеттеги нормативдүү актылары менен мыйзамдарына
жооп берет.
Бирикменин окуу-усулдук ишмердүүлүгүнүн негизги максаты- окутуунун
жаңы инновациялык ыкмаларын, технологияларын, усулдарын колдонуу аркылуу
билим берүүнүн сапаттын жогорулатуу. Аны ишке ашыруу үчүн алдыңкы
окутуучулардын тажрыйбаларын жайылтуу, ачык сабактарды уюштуруп
өткөрүү, башка окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу, окутуучулардын
билимдерин өркүндөтүү, студенттердин жана окутуучулардын академиялык
мобилдүүлүгү ж.б. иштерди алып баруу.
Бирикмеде жылда жана ай сайын түзүлүүчү иш пландар жогорудагы
максаттарга ылайык түзүлөт. Ушул максатта тиешелүү милдеттер
окутуучулардын жеке иш пландарында дагы чагылдырылат.
Бирикмеде окуу-усулдук, тарбиялык, илимий ишмердүүлүктөрдү
жакшыртуу боюнча иш-чаралар пландаштырылып алып барылат. Алардын
аткарылышы ар жумада өткөрүлүүчү бирикменин отурумдарында көзөмөлгө
алынат.
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
Жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадырларды
даярдоо жана жаш окумуштуулардын жемиштүү илимий ишмердүүлүгү үчүн
шарттарды түзүү университеттин илим тармагынын негизги милдеттеринин
бири болуп саналат. Биздин бирикме да илим менен алектенген окутуучулар
менен камсыздалган. 2025-жылдын 18-декабрына карата бирикмеде 1 илимдин
кандидаты, 1 докторант, 3 аспирант, 2 магистр эмгектенишүүдө.
1. Атамбаева У.Ж. «Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын өз
ара мамилелеринин өнүгүү тарыхы» деген темадагы доктордук
диссертациясынын;
2. Сааданбек уулу Дамир «Шанхай кызматташтык уюму: түзүлүшү жана
өнүгүү тарыхы» деген темадагы кандидаттык диссертациясынын;
3. Жумашева Р.Ж. «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы аялдарынын
образынын эволюциясы» деген темадагы кандидаттык
диссертациясынын үстүнөн эмгектенишүүдө.
Мындан тышкары бирикмеде тарыхчылар: «Улуттук дем- дүйнөлүк
бийиктик» уңгужолунун алкагында уюштурулуп жаткан “Эскерүү аркылуу
бийиктикке: кыргыз тарыхынын сабактары” — деген теманын үстүнөн
иштөө менен бирге илимий семинар, тегерек стол, талкуу ж.б. уюштурушууда;
Кыргыз тилчилер: «Доор үнү- Айтматовдун чыгармаларында» -деген теманын
үстүнөн иштөө менен бирге илимий семинар, тегерек стол, талкуу ж.б.
уюштурушууда;
Орус тилчилер: Орустун улуу жазуучусу Пушкиндин 127 жылдыгына карата
«Быть может, в лете не потонет строфа, слагаемая мной…»; аттуу теманын
үстүнөн иштөө менен бирге илимий семинар, тегерек стол, талкуу ж.б.
уюштурушууда.
Бирикменин байланыштары
Илимди жана билимди жана билим берүүнү уюштуруу жаатындагы чет
өлкөлүк жана ата мекендик алдыңкы тажрыйбаларды тааныштыруу жана
жайылтуу университетин эл аралык байланыштарынын негизги мидеттеринин
бири болуп саналат. Бул алкакда да биздин окуу жайда бир топ алгылыктуу
иштер жүрүүдө.
Бирикменин педагогикалык ишмердүүлүгү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун
факультеттери, Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин
Кыргыз филологиясы жана журналистика, Орус филологиясы, Тарых жана
юридика институттары менен коомдук дисциплиналар, филологиялык
дисциплиналар, тилдик дисциплиналар циклдары менен, Ош мамлекеттик
педагогикалык университетинин тарых факультети жана колледжи менен,
Ош технологиялык университетинин колледжи менен билим берүү жаатында
өз ара кызматташуу жүргүзүлөт. Негизинен алар менен илимий-практикалык
конференцияларды, семинарларды, тренингдерди, тегерек үстөлдөрдү, онлайн,
конок лекцияларын ж.б. уюштуруу иш-чараларын, о.э.биргелешкен маданий,
спорттук, ж.б. иш-чараларды, олимпиадаларды, конкурстарды өткөрүшөт.