Жаңылыктар 2026-жылдын 16-май күнү STEM колдонмо кесиптер колледжинин ЭУС бирикмесинин студентерине “2026-жылдагы салыктык өзгөрүүлөр: патенттен тартып электрондук төлөмдөргө чейин” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси Абдырай уулу Асилбек катышып, “2026-жылдагы негизги салыктык өзгөрүүлөр” темасында кеңири маалымат берди. Мындан сырткары, ОшМУнун Финансы-юридика колледжинин окутуучулары Кылычева Мадина, Курбанбаева Гулийпа, Касымбекова Жумагүл актуалдуу темалар боюнча баяндама жасап, катышуучулар менен пайдалуу пикир алышуу жүргүзүштү. Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер тарабынан активдүү суроолор берилип, кызыктуу талкуулар орун алды. Иш-чара өзүнүн негизги максатына жетип, катышуучулар үчүн пайдалуу маалымат аянтчасы болду. Иш-чараны ЭУС бирикмесинин башчысы Гүлнара Калыбекова жана окутуучулар А.И. Шералиева, Г.Ж. Жолдубаева уюштурушту. Иш-чаранын соңунда конокторго колледж жамааты тарабынан “Ыраазычылык каттар” тапшырылды. nokia nokia 22.05.2026 0
Жаңылыктар Бүгүн, 13-май күнү, “Аудиттин негиздери” сабагы боюнча ЭУС бирикмесинин башчысы Г.К. Калыбекова тарабынан ЭБУ9-23 тайпасынын студенттерине “Айлык акынын аудити” темасында лекциялык ачык саат өткөрүлдү. Ачык сабактын жүрүшүндө айлык акынын аудитинин максаты, эмгек акыны эсептөөдө жүргүзүлүүчү текшерүүлөр, аудиттик далилдерди топтоо жана финансылык документтерди талдоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Студенттер теориялык билим менен катар практикалык мисалдар аркылуу теманы терең өздөштүрүштү. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер тарабынан берилген суроолорго кеңири жооптор айтылды. Мындай ачык сааттар келечектеги адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана аудит тармагына болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошот. nokia nokia 22.05.2026 0