Месяц: Июнь 2026

КЕЛЕЧЕГИҢИЗДИ БИЗ МЕНЕН КУРУҢУЗ! Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжи 2026–2027-окуу жылына 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырат! Бүгүнкү күндө сапаттуу билим жана атаандаштыкка жөндөмдүү кесип – ийгиликтүү келечектин ишенимдүү пайдубалы. STEM колдонмо кесиптер колледжи заман талабына жооп берген, эмгек рыногунда жогорку суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдап келет. Колледжде билим берүү процесси теориялык билим менен практикалык көндүмдөрдүн айкалышына негизделип, студенттерге өз кесиби боюнча терең билим алууга жана келечектеги карьерасына бекем негиз түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. БИЗ СУНУШ КЫЛГАН АДИСТИКТЕР: 📘 080106 – Финансы (тармактар боюнча) Финансылык пландоо, банк иши, салык системасы, инвестиция жана финансылык талдоо багыттары боюнча заманбап билим алган адистер даярдалат. 📘 080110 – Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) Ишканалардын экономикалык ишмердүүлүгүн талдоо, бухгалтердик эсеп жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча квалификациялуу адистерди даярдоо багыты. 📘 030503 – Укук таануу Мыйзамдарды колдонуу, укуктук мамилелерди жөнгө салуу жана жарандардын укуктарын коргоо жаатында билимдүү адистерди даярдайт. 📘 030504 – Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу Социалдык коргоо, пенсиялык камсыздоо, эмгек жана социалдык мыйзамдар боюнча кесиптик билим берүүгө багытталган адистик. ОКУУ МӨӨНӨТҮ:  9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай  11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай Эмне үчүн STEM колдонмо кесиптер колледжин тандоо керек? ✅ Сапаттуу жана заманбап билим ✅ Тажрыйбалуу окутуучулар курамы ✅ Практикага багытталган окутуу ✅ Заманбап материалдык-техникалык база ✅ Өндүрүштүк практика жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү ✅ Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистиктер ✅ Студенттерди ар тараптуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар ✅ Ийгиликтүү карьерага жол ачкан билим берүү чөйрөсү ✅ Ар бир студентке жеке мамиле жана колдоо көрсөтүү системасы ✅ Келечекке ишенимдүү кадам жасоо мүмкүнчүлүгү.

2026-жылдын 10-июнунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжи тарабынан 030503 Укук таануу адистигинен республикалык орто кесиптик окуу жайлар арасында уюштурулган предметтик олимпиадага Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин укук таануу адистигинин 2-3- курсунун студенттери Хашимова Севара, Серикова Аделя, Аскарбекова Алина жана Тойчиева Бибинур, бирикменин окутуучусу А.И.Шералиеванын жетекчилиги алдында катышып келишти. Республикалык предметтик олимпиадага ОшМУнун ФЮК, ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн ТжББИ, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ЭжУК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ЮК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Баткендеги көп тармактуу колледжи, К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледждери катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында, команда байгелүү 3-орунду багындырды, ал эми жеке зачетто ПВ9-3-24 тайпасынын студенти Тойчиева Бибинур байгелүү 3-орунга ээ болду. Окуу жайыбыздын атагын дагы бир ирет даңазалаган окутуучубузга жана студенттерибизге ыраазычылык билдиребиз.

СТЕМ колледжинде келечектеги бухгалтерлердин кесиптик хакатону өттү. 2026-жылдын 1-июлу. СТЕМ колдонмо кесиптер колледжинде студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган «Лучший хакатон бухгалтер» аттуу сынак-таймаш жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш-чараны окуу жайдын «Экономикалык жана укуктук сабактар» (ЭУС) бирикмеси уюштурду. Салтанаттуу иш-чараны колледждин директору З.Б. Зулпуев куттуктоо сөзү менен ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Өз сөзүндө директор бул хакатон келечектеги бухгалтерлердин теориялык билимин практикада колдонуу көндүмдөрүн арттырууга жана командалык рухту өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгиледи. Кызыктуу жана атаандаштыкка бай өткөн бул таймашты ЭУС бирикмесинин тажрыйбалуу окутуучусу Г.Ж.Жолдубаева демилгелеп, уюштурган. Студенттердин тапшырмаларын жана билим деңгээлин калыс баалоо үчүн атайын эксперттик калыстар тобу иш алып барды. Оюндарды жана практикалык иштерди баалаган жюрилердин курамы: Г.К. Калыбекова – ЭУС бирикмесинин башчысы (төрайым); Ф.И. Рахманбердиева – ЭУС бирикмесинин окутуучусу; А.И. Шералиева – ЭУС бирикмесинин окутуучусу; У.А. Атамбаева – ТКС бирикмесинин башчысы; Б.Б. Бекмуратова – МТЭТЖОЖ бирикмесинин окутуучусу; А.К. Кошбаева – Башкы эсепчи (сырттан чакырылган эксперт). Хакатондун жүрүшүндө студенттер өз ара тажрыйба алмашып, бухгалтердик эсеп жана каржы маселелери боюнча татаал, ошону менен бирге кызыктуу логикалык тапшырмаларды аткарышты. Интеллектуалдык марафондун соңунда өзгөчөлөнгөн командалар жана активдүүлүк көрсөткөн студенттер атайын сыйлыктар менен сыйланышты.