КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинде конок лекция өттү
КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык жана укуктук сабактар бирикмесинин башчысы Гулнара Калыбекова тарабынан «Ош шаары цифралар менен» аттуу таасирдүү конок лекция уюштурулду. Иш-чарага Ош шаардык статистика башкармалыгынын өкүлдөрү: башкы адис Батма Жээнбекова, Жийдегүл Абдибаитова жана Айсулуу Аскарбековалар атайын келип, шаардык статистикалык көрсөткүчтөр, эсептөөлөрдүн логикасы жана алардын коомдук өнүгүүгө тийгизген таасири тууралуу кеңири талдоо жасап…
STEM Колледжинде Адам укуктарына арналган диспуттук аянтча өттү
10-декабрда STEM колдонмо кесиптер колледжинин ЭУС бирикмесинин окутуучулары Капаралиева А.Н. жана Уларова А.К. тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 77 жылдыгына карата “Адам укуктары — ар бир адамдын тубаса баалуулугу” аттуу диспуттук аянтча уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын өкүлдөрү: Абдуллаев Сабирали Акматалиевич — региондор аралык башкармалыктын начальнигинин орун басары, Равшанов Муратаалы…
2025-жылдын 16-декабрында STEM колдонмо кесиптер колледжинин ЭУС бирикмесинин окутуучусу Шарипбаева Т.Ш. тарабынан Жаңы жылдык майрамга карата «Экономикалык жаңы жылдык жарманке» аттуу иш чара болуп өттү.
Иш чараны колледждин директору т.и.к. Зулпуев З.Б. ачып берди, ошондой эле э.и.к. Урайымов Н.Ж., Ош шаарынын «ААК» Капитал банктын башкы бухгалтери Жаркулова Гулзина жана ошол эле банктын башкы адиси Абдашим кызы Нурипа катышышты. Иш чарада студенттер активдүү катышышып жаңы жылдык маанай тартылоо менен бирге жарманкеде өз ишмердүүлүгүнүн көргөзүштү. Иш чаранын жыйынтыгында студенттер сыйлоо баракчаларына ээ…
СТЕМ колледжинде келечектеги бухгалтерлердин кесиптик хакатону өттү.
2026-жылдын 1-июлу. СТЕМ колдонмо кесиптер колледжинде студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган «Лучший хакатон бухгалтер» аттуу сынак-таймаш жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш-чараны окуу жайдын «Экономикалык жана укуктук сабактар» (ЭУС) бирикмеси уюштурду. Салтанаттуу иш-чараны колледждин директору З.Б. Зулпуев куттуктоо сөзү менен ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Өз сөзүндө директор бул хакатон келечектеги бухгалтерлердин теориялык билимин практикада колдонуу…
2026-жылдын 10-июнунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжи тарабынан 030503 Укук таануу адистигинен республикалык орто кесиптик окуу жайлар арасында уюштурулган предметтик олимпиадага Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин укук таануу адистигинин 2-3- курсунун студенттери Хашимова Севара, Серикова Аделя, Аскарбекова Алина жана Тойчиева Бибинур, бирикменин окутуучусу А.И.Шералиеванын жетекчилиги алдында катышып келишти. Республикалык предметтик олимпиадага ОшМУнун ФЮК, ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн ТжББИ, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ЭжУК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ЮК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Баткендеги көп тармактуу колледжи, К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледждери катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында, команда байгелүү 3-орунду багындырды, ал эми жеке зачетто ПВ9-3-24 тайпасынын студенти Тойчиева Бибинур байгелүү 3-орунга ээ болду. Окуу жайыбыздын атагын дагы бир ирет даңазалаган окутуучубузга жана студенттерибизге ыраазычылык билдиребиз.
Прочитать полную новость
КӨЭАУда “Рыспай Абдыкадыровдун мурастарын изилдөө борборунун” ачылышына карата “Ырга айланган өмүр” аталышында салтанаттуу иш-чара өттү
Залкар обончу-аткаруучу, улуу композитор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган иш-чарага университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Эл аралык клубдун негиздөөчүсү Султан Борошов, КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунун башкы режиссёру Кумарбек Мейманкулов, залкар таланттын чыгармаларын баалаган коноктор, чыгармачыл инсандар, Рыспай Абдыкадыровдун жолун улантып келе жаткан шакирттери…
КЕЛЕЧЕГИҢИЗДИ БИЗ МЕНЕН КУРУҢУЗ!
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжи 2026–2027-окуу жылына 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырат! Бүгүнкү күндө сапаттуу билим жана атаандаштыкка жөндөмдүү кесип – ийгиликтүү келечектин ишенимдүү пайдубалы. STEM колдонмо кесиптер колледжи заман талабына жооп берген, эмгек рыногунда жогорку суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдап келет. Колледжде билим берүү процесси теориялык билим менен…
2026-жылдын 3-апрелинда STEM колледжинин ЭУС бирикмесинин окутуучулары Рахманбердиева Ф. И. жана Шералиева А. И. Фергана мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Амир Темур в мировой истории” аттуу республикалык илимий-теориялык конференциясына илимий баяндамалары менен ийгиликтүү катышып сертификаттарга ээ болуп кайтышты.
Прочитать полную новостьБүгүн, 2026-жылдын 27-апрель күнү, ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага “esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) толтуруу боюнча кадамдык көрсөтмө” деген темада Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университеттин STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык укуктук сабактар бирикмесинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө коногубуз ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды туура жазууну, cabinet. salyk.kg сайттан бирдиктүү налогтун отчеттун кантип тапшырууну, айлык маянаны STI 161 форматта тапшырууну, мусор салыгын тапшырууну, ишкананын бир жылдык бирдиктүү салык декларациясын кантип тапшыруу жөнүндө маалымат берилди жана электрондук форматта көрсөтүп отчетторду тапшырганды маалымдап кетти. ЭУС бирикмесинин башчысы Калыбекова Г.К. студентерге кайрылып суроолору ой-пикирлери жана сунуштары, өз ара талкуулар менен уланды. Иш чаранын акырында коногубузга “Ыраазычылык кат” тапшырылды.
Прочитать полную новость- 1
- 2