598500133_2021075508683280_6479282976590986800_n
🔷 Залкар обончу-аткаруучу, улуу композитор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган иш-чарага университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Эл аралык клубдун негиздөөчүсү Султан Борошов, КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунун башкы режиссёру Кумарбек Мейманкулов, залкар таланттын чыгармаларын баалаган коноктор, чыгармачыл инсандар, Рыспай Абдыкадыровдун жолун улантып келе жаткан шакирттери катышты.
♦️ Иш-чарага келген ардактуу коноктор алгач “Рыспай Абдыкадыровдун мурастарын изилдөө борборунун” кызыл тасмасын кесип, расмий ачылышына күбө болушту. Борборго коюлган композитордун бюсту, колдонгон буюмдары, ноталары, залкар талант тууралуу жарык көргөн адабияттар, гезит-журналдар, видео жана аудио материалдар келген коноктордун купулуна толуп, кызыгуусун жаратты.
📍Борбордун салтанаттуу ачылышы андан ары университеттин чоң концерттик залында, КӨЭАУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, кыргыз элинин таланттуу уулу Шералы Эгембердиевдин алып баруучулугунда “Ырга айланган өмүр” аталышындагы салтанаттуу программа менен уланды. Кече Рыспай Абдыкадыров атындагы Эл аралык клубдун ишмердүүлүгүн баяндаган видеотасма менен башталып, ал тасмада Эл аралык клубдун Туркия, Өзбекстан жана Россия өлкөлөрүндөгү өкүлдөрүнүн куттуктоо-саламдары видео аркылуу көрсөтүлдү.
📍 Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун Ардактуу президенти, Эл аралык клубдун I даражадагы орденинин ээси, КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков улуу композитордун дүйнө эли суктанып уккан чыгармачылык мурасына токтолуп, бул багытта университетте жаңы ачылган борбордун жасай турган иштери арбын экенин баса белгиледи. “Учурда дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө Рыспайдын атын алган жетимиштен ашуун клубдар иштеп атат, аларда 1500дөн ашуун мүчөлөрү бар. Демек, Рыспай Абдыкадыров композитор катары эл аралык деңгээлдеги талант деп айтсак эч жаңылышпайбыз”, — деди профессор А.Мамасыдыков.
📍 Программанын жүрүшүндө залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун баа жеткис мурасын түбөлүк сактоого жана жайылтууга опол тоодой салым кошуп келе жаткан Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун негиздөөчүсү, КРнын Маданиятынын мыкты кызматкери Султан Борошовго КӨЭАУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Ардактуу профессор» наамы салтанаттуу тапшырылды.
📍 Ал эми Султан Борошов университет жетекчилигине ыраазычылык билдирип, борбор чынында эле Рыспайдын изин уланткан илимий жана чыгармачыл аянтчага айланаарына ишене турганын белгиледи жана клубду колдоп, ачууга көмөктөшкөн Абдилбает Асановичке ыраазычылык билдирди.
♦️ Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Кумарбек Мейманкулов да сөз сүйлөп, бул борбордун ачылышын өз учурунда жасалган маанилүү кадам катары баалады. Композиторго экинчи өмүр тартуулап жаткан мындай иштерди жогору баалап, Султан Борошовго “Ардак грамота” тапшырылды.
♦️ Иш-чарада Рыспай Абдыкадыровго таандык жана ага арналган обондуу ырлар жаңырып, конокторго жагымдуу маанай, руханий эс алуу тартууланды.
♦️ Эскерте кетсек, залкар обончу-композитор Рыспай Абдыкадыров 1941-жылдын 12-январында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн. Бала кезинен музыка дүйнөсүнө аралашкан Рыспай 1963-жылы Ош педагогикалык институтунун факультетин бүтүргөн. Анын чыгармачылык жолу Кара-Кулжа элдик театрынан башталып, кийин Жалал-Абад театрында, андан соң борбордогу филармонияда уланган. Залкар таланттын «Өскөн жер», «Сагынам, туулган жер сени», «Түгөйүм», «Эсиңдеби», «Жүрөк вальсы», «Жүрөктү кеттиң жаралап», «Сагынуу», «Издейм сени» жана башка ушул сыяктуу төрт жүздөн ашык ырлары эл арасына кеңири тарап, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Улуу композитор 1994-жылдын 12-сентябрында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти