Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрель күнү, ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага “esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) толтуруу боюнча кадамдык көрсөтмө” деген темада Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университеттин STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык укуктук сабактар бирикмесинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө коногубуз ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды туура жазууну, cabinet. salyk.kg сайттан бирдиктүү налогтун отчеттун кантип тапшырууну, айлык маянаны STI 161 форматта тапшырууну, мусор салыгын тапшырууну, ишкананын бир жылдык бирдиктүү салык декларациясын кантип тапшыруу жөнүндө маалымат берилди жана электрондук форматта көрсөтүп отчетторду тапшырганды маалымдап кетти. ЭУС бирикмесинин башчысы Калыбекова Г.К. студентерге кайрылып суроолору ой-пикирлери жана сунуштары, өз ара талкуулар менен уланды. Иш чаранын акырында коногубузга “Ыраазычылык кат” тапшырылды.