Жаңылыктар Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде ачык эшиктер күнү болуп өттү. nokia nokia 30.04.2026 Навигация записи Назад Предыдущая запись: Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрель күнү, ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага “esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) толтуруу боюнча кадамдык көрсөтмө” деген темада Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университеттин STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык укуктук сабактар бирикмесинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө коногубуз ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды туура жазууну, cabinet. salyk.kg сайттан бирдиктүү налогтун отчеттун кантип тапшырууну, айлык маянаны STI 161 форматта тапшырууну, мусор салыгын тапшырууну, ишкананын бир жылдык бирдиктүү салык декларациясын кантип тапшыруу жөнүндө маалымат берилди жана электрондук форматта көрсөтүп отчетторду тапшырганды маалымдап кетти. ЭУС бирикмесинин башчысы Калыбекова Г.К. студентерге кайрылып суроолору ой-пикирлери жана сунуштары, өз ара талкуулар менен уланды. Иш чаранын акырында коногубузга “Ыраазычылык кат” тапшырылды.Далее Следующая запись: Бүгүн, 13-май күнү, “Аудиттин негиздери” сабагы боюнча ЭУС бирикмесинин башчысы Г.К. Калыбекова тарабынан ЭБУ9-23 тайпасынын студенттерине “Айлык акынын аудити” темасында лекциялык ачык саат өткөрүлдү. Ачык сабактын жүрүшүндө айлык акынын аудитинин максаты, эмгек акыны эсептөөдө жүргүзүлүүчү текшерүүлөр, аудиттик далилдерди топтоо жана финансылык документтерди талдоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Студенттер теориялык билим менен катар практикалык мисалдар аркылуу теманы терең өздөштүрүштү. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер тарабынан берилген суроолорго кеңири жооптор айтылды. Мындай ачык сааттар келечектеги адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана аудит тармагына болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошот. Похожие новости Жаңылыктар КЕЛЕЧЕГИҢИЗДИ БИЗ МЕНЕН КУРУҢУЗ! Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжи 2026–2027-окуу жылына 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырат! Бүгүнкү күндө сапаттуу билим жана атаандаштыкка жөндөмдүү кесип – ийгиликтүү келечектин ишенимдүү пайдубалы. STEM колдонмо кесиптер колледжи заман талабына жооп берген, эмгек рыногунда жогорку суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдап келет. Колледжде билим берүү процесси теориялык билим менен практикалык көндүмдөрдүн айкалышына негизделип, студенттерге өз кесиби боюнча терең билим алууга жана келечектеги карьерасына бекем негиз түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. БИЗ СУНУШ КЫЛГАН АДИСТИКТЕР: 📘 080106 – Финансы (тармактар боюнча) Финансылык пландоо, банк иши, салык системасы, инвестиция жана финансылык талдоо багыттары боюнча заманбап билим алган адистер даярдалат. 📘 080110 – Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) Ишканалардын экономикалык ишмердүүлүгүн талдоо, бухгалтердик эсеп жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча квалификациялуу адистерди даярдоо багыты. 📘 030503 – Укук таануу Мыйзамдарды колдонуу, укуктук мамилелерди жөнгө салуу жана жарандардын укуктарын коргоо жаатында билимдүү адистерди даярдайт. 📘 030504 – Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу Социалдык коргоо, пенсиялык камсыздоо, эмгек жана социалдык мыйзамдар боюнча кесиптик билим берүүгө багытталган адистик. ОКУУ МӨӨНӨТҮ: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай Эмне үчүн STEM колдонмо кесиптер колледжин тандоо керек? ✅ Сапаттуу жана заманбап билим ✅ Тажрыйбалуу окутуучулар курамы ✅ Практикага багытталган окутуу ✅ Заманбап материалдык-техникалык база ✅ Өндүрүштүк практика жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү ✅ Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистиктер ✅ Студенттерди ар тараптуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар ✅ Ийгиликтүү карьерага жол ачкан билим берүү чөйрөсү ✅ Ар бир студентке жеке мамиле жана колдоо көрсөтүү системасы ✅ Келечекке ишенимдүү кадам жасоо мүмкүнчүлүгү. 13.06.2026 0 Жаңылыктар 2026-жылдын 10-июнунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжи тарабынан 030503 Укук таануу адистигинен республикалык орто кесиптик окуу жайлар арасында уюштурулган предметтик олимпиадага Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин укук таануу адистигинин 2-3- курсунун студенттери Хашимова Севара, Серикова Аделя, Аскарбекова Алина жана Тойчиева Бибинур, бирикменин окутуучусу А.И.Шералиеванын жетекчилиги алдында катышып келишти. Республикалык предметтик олимпиадага ОшМУнун ФЮК, ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн ТжББИ, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ЭжУК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ЮК, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Баткендеги көп тармактуу колледжи, К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледждери катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында, команда байгелүү 3-орунду багындырды, ал эми жеке зачетто ПВ9-3-24 тайпасынын студенти Тойчиева Бибинур байгелүү 3-орунга ээ болду. Окуу жайыбыздын атагын дагы бир ирет даңазалаган окутуучубузга жана студенттерибизге ыраазычылык билдиребиз. 12.06.2026 0