Бүгүн, 13-май күнү, “Аудиттин негиздери” сабагы боюнча ЭУС бирикмесинин башчысы Г.К. Калыбекова тарабынан ЭБУ9-23 тайпасынын студенттерине “Айлык акынын аудити” темасында лекциялык ачык саат өткөрүлдү. Ачык сабактын жүрүшүндө айлык акынын аудитинин максаты, эмгек акыны эсептөөдө жүргүзүлүүчү текшерүүлөр, аудиттик далилдерди топтоо жана финансылык документтерди талдоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Студенттер теориялык билим менен катар практикалык мисалдар аркылуу теманы терең өздөштүрүштү. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер тарабынан берилген суроолорго кеңири жооптор айтылды. Мындай ачык сааттар келечектеги адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана аудит тармагына болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошот.