СТЕМ колледжинде келечектеги бухгалтерлердин кесиптик хакатону өттү.
2026-жылдын 1-июлу. СТЕМ колдонмо кесиптер колледжинде студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган «Лучший хакатон бухгалтер» аттуу сынак-таймаш жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш-чараны окуу жайдын «Экономикалык жана укуктук сабактар» (ЭУС) бирикмеси уюштурду. Салтанаттуу иш-чараны колледждин директору З.Б. Зулпуев куттуктоо сөзү менен ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Өз сөзүндө директор бул хакатон келечектеги бухгалтерлердин теориялык билимин практикада колдонуу…