Жаңылыктар

2026-жылдын 16-май күнү STEM колдонмо кесиптер колледжинин ЭУС бирикмесинин студентерине “2026-жылдагы салыктык өзгөрүүлөр: патенттен тартып электрондук төлөмдөргө чейин” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси Абдырай уулу Асилбек катышып, “2026-жылдагы негизги салыктык өзгөрүүлөр” темасында кеңири маалымат берди. Мындан сырткары, ОшМУнун Финансы-юридика колледжинин окутуучулары Кылычева Мадина, Курбанбаева Гулийпа, Касымбекова Жумагүл актуалдуу темалар боюнча баяндама жасап, катышуучулар менен пайдалуу пикир алышуу жүргүзүштү. Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер тарабынан активдүү суроолор берилип, кызыктуу талкуулар орун алды. Иш-чара өзүнүн негизги максатына жетип, катышуучулар үчүн пайдалуу маалымат аянтчасы болду. Иш-чараны ЭУС бирикмесинин башчысы Гүлнара Калыбекова жана окутуучулар А.И. Шералиева, Г.Ж. Жолдубаева уюштурушту. Иш-чаранын соңунда конокторго колледж жамааты тарабынан “Ыраазычылык каттар” тапшырылды.

Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрель күнү, ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага “esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) толтуруу боюнча кадамдык көрсөтмө” деген темада Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университеттин STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык укуктук сабактар бирикмесинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү. Лекциянын жүрүшүндө коногубуз ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү, башкы эсепчиси Асанбекова Майрамгул Асанбековнага esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды туура жазууну, cabinet. salyk.kg сайттан бирдиктүү налогтун отчеттун кантип тапшырууну, айлык маянаны STI 161 форматта тапшырууну, мусор салыгын тапшырууну, ишкананын бир жылдык бирдиктүү салык декларациясын кантип тапшыруу жөнүндө маалымат берилди жана электрондук форматта көрсөтүп отчетторду тапшырганды маалымдап кетти. ЭУС бирикмесинин башчысы Калыбекова Г.К. студентерге кайрылып суроолору ой-пикирлери жана сунуштары, өз ара талкуулар менен уланды. Иш чаранын акырында коногубузга “Ыраазычылык кат” тапшырылды.

Залкар обончу-аткаруучу, улуу композитор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган...