СТЕМ колледжинде келечектеги бухгалтерлердин кесиптик хакатону өттү. 2026-жылдын 1-июлу. СТЕМ колдонмо кесиптер колледжинде студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулган «Лучший хакатон бухгалтер» аттуу сынак-таймаш жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш-чараны окуу жайдын «Экономикалык жана укуктук сабактар» (ЭУС) бирикмеси уюштурду. Салтанаттуу иш-чараны колледждин директору З.Б. Зулпуев куттуктоо сөзү менен ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Өз сөзүндө директор бул хакатон келечектеги бухгалтерлердин теориялык билимин практикада колдонуу көндүмдөрүн арттырууга жана командалык рухту өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгиледи. Кызыктуу жана атаандаштыкка бай өткөн бул таймашты ЭУС бирикмесинин тажрыйбалуу окутуучусу Г.Ж.Жолдубаева демилгелеп, уюштурган. Студенттердин тапшырмаларын жана билим деңгээлин калыс баалоо үчүн атайын эксперттик калыстар тобу иш алып барды. Оюндарды жана практикалык иштерди баалаган жюрилердин курамы: Г.К. Калыбекова – ЭУС бирикмесинин башчысы (төрайым); Ф.И. Рахманбердиева – ЭУС бирикмесинин окутуучусу; А.И. Шералиева – ЭУС бирикмесинин окутуучусу; У.А. Атамбаева – ТКС бирикмесинин башчысы; Б.Б. Бекмуратова – МТЭТЖОЖ бирикмесинин окутуучусу; А.К. Кошбаева – Башкы эсепчи (сырттан чакырылган эксперт). Хакатондун жүрүшүндө студенттер өз ара тажрыйба алмашып, бухгалтердик эсеп жана каржы маселелери боюнча татаал, ошону менен бирге кызыктуу логикалык тапшырмаларды аткарышты. Интеллектуалдык марафондун соңунда өзгөчөлөнгөн командалар жана активдүүлүк көрсөткөн студенттер атайын сыйлыктар менен сыйланышты.